новости

  1. Главная
  2. /
  3. новости
  4. /
  5. лейлектик кыз-келиндер коргозмо-жарманкеде жана спортто таймашты

Лейлектик кыз-келиндер коргозмо-жарманкеде жана спортто таймашты

alt
alt
alt
alt


“Алгач футбол бизге болбойт, волейбол ойносокпу деген элек, футбол ойногонубуз жакшы болуптур, тимеле сонун болуп, женилдешип, жыргап калбадыкпы” дешти бир топ маашырланып калган Лейлектик апалар жана кыз-келиндер.

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Тогуз-булак Айылдык аймагындагы Айбике, Мин-Жыгач, Тогуз-Булак айылдарында тузулгон 9 оз ара жардамдашуу топторунун (ОЖТ) арасында коргозмо-жарманке жана спорттук таймашуу иш-чарасы болуп отту. 
Сообща против насилия! UNiTE Kyrgyzstan
Иш-чаранын максаты: Айыл аймагындагы чебер аялдардын онорун элеттик кыз-келиндердин, аялдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу менен айылдагы болгон стереотиптерди азайтуу.
Коргозмо-жарманкеде таар согуу, жип ийируу, шырдамал шыруу, чырпыктан себеттерди токуу боюнча мастер класс корсотушту. Ар бир топ турдуу улуттук даамдарды даярдашкан.

Коргозмо-жарманкеде томонкудой женишке ээ болушту:
1-орун Тогуз-Булак айылынан “Ийгилик” тобу
2-орун Айбике айылынан “Жаны-Абад” тобу
3-орун Мин-Жыгач айылынан “Онугуу”

Калган 5 оз ара жардамдашуу топтору да куру кол кайтпады. Аларды Тогуз-Булак айылдык аймагынын башчысы Коймуратов Конурбай мырза акчалай сыйлыктар менен сыйлады.

Спорттук таймашууда томонкудой орундарга ээ болушту, жалпы 8 топ таймашты:
1-орунду Айбике айылынан “Ынтымак” тобу
2-орунду Айбике айылынан “Онугуу” тобу
3-орунду Тогуз-Булак айылынан “Ийгилик” тобу

1-2-орунду багынткан ОЖТлар учун футболка, диплом жана кубок жана айыл окмот тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.

Калган 6 топко ЖА АКК тарабынан ишкердикти жургузууго багытталган белектер жана айыл окмот тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Айыл окмот башчы Коймуратов Конурбай мырза “ Аялдар арасында футбол ойносо ден соолугу чындалат, мен буга он коз караштамын. Эгер аялдарга мумкунчулук берип, аларды колдосок, ийгиликтерге жетишебиз. Айылдагы болуп жаткан стереотиптердин алдын алат” деди.

Иш-чара “Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мумукунчулукторун кенейтуу” программасынын алкагында Кыргызстандагы БУУнун Аялдар тузумунун колдоосунда Жалал-Абад регионалдык Айылдык консультациялык кызматы коомдук фонду менен биргеликте жузого ашырылууда.

Бул программа БУУнун Кыргызстандагы Аялдар тузуму, Буткул Дуйнолук Азык-Тулук Программасы (WFP), Азык-тулук жана айыл чарба (FAO) жана Айыл чарбасын онуктуруу (IFAD) эл аралык уюмдары менен биргеликте аткарылып жатат.

3-май, 2019-жыл